КАТАР II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бирине бири жанаша, бирине бири катарлашкан тизмек. Сатай менен Светлана экөө кол кармашып катар келатышат (Сыдыкбеков). Жолбунов төр жакка басып, Итикеге катар отурду (Убукеев). Асыл экөөбүз чыпта алуу үчүн катарга турдук («Ала-Тоо»). 2. Биринен кийин бири келген же үстү-үстүнө катарлашкан кабат, ирет. Заңгырайт катар-катар миң сан үйлөр, Салынган ар жеринде эчен-эчен (Нуркамал). Жаткан кырдай турбина Бирөө эмес төрт катар (Үмөталиев). 3. Сап, сол, кырка. Кызылчаны кадимки катарга себишет («Советтик Кыргызстан»). 4. Ара, топ. Катарың кайда болсо, ордуң ошондо. Букара элди манаптар, Кошпойт экен катарга (Токтогул). 5. өт. Бири-бирине курбу, теңтуш, катарлаш адамдар. Карындашым Жамал жан Катарыңдан калбасын (Токомбаев). Азыр элиң социалдык жарышта, Асыл эже, катарыңдан калышпа (Нуркамал). 6. Барабар, тете, тең келерлик. Досбергенов Жапар бар, Мунун да кызмат, эмгеги, Ушуларга катар бар (Үсөнбаев).