Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жер бетинин кагазга түшүрүлгөн чиймеси. Географиялык карта. Жер шарынын картасы. Контурдук карта. 2. Түрдүү оюндарды ойноого ылайыкталган, ар кандай белгилери, сүрөттөрү боюнча төрт топко бөлүнө турган чарчы кагаздар. Карта бөлүү. Картаны ачып туруп, анан акчага колуңду сун! – дейт оюнчу (Абдукаримов). 3. Тийиштүү маалыматтарды жазып толтуруу үчүн атайын графаларга бөлүнгөн бланк, барак. Технологиялык карта. Санаториялык карта.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жылкынын майлуу жоон ичегиси. Кырк кулактуу казанга Казы, карта салды эми («Семетей»). Казы менен картага Тойгонуңду ырдадың (Токтогул). Семиз тай союлуп, казанга казы менен карта салынган (Жантөшев). Казы, карта, жал берип, Байлыгы ашып толгон – дейт (Калмырза).