КАРЕК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көздүн ортосундагы карасы. Чала жумган кирпиктердин арасынан көздүн каректери жалт эте түшөт (Айтматов). Динардын көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректери жаш чайды (Сыдыкбеков). Көзүнүн кареги көрүнбөй, агы аңтарыла түштү («Ала-Тоо»). 2. өт. Балага же өтө жакын кишисине кайрылган учурда колдонулат. Каргадай болгон Топчубай, Кайрылып көрбөйт экенмин Карегим, сенин өзүңдү (Токтогул). Кагылайын каректи, Аман-эсен көрөмбү (Жантөшев).