КАРА-ӨТКӨЛ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАРА-ӨТКӨЛ — топоним. Манас баатыр баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөр алдында казактардын уруу башчысы Көкчө жер чалып кайра кайткан учурда «Кара-Өткөл деңиз көл менен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 154) өткөнү айтылат.