Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Барыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, ошого жараша, ошого ылайык келип чыккан натыйжаны билдирүү, баяндоо үчүн колдонулат. Жарышка карата саяпкерлердин тынчы кетип жүргөн убак (Каимов). Кийинки күндөрдө Акбардын мамилесине карата Амантурдун да кыялы бузула түшкөн эле (Убукеев). 2. Кыймыл-аракет багыт, алган тарапты, багытты билдирет. Кызыл нарды карата Көкөтай барат калдактап («Эр Төштүк»). Каныбек менен Ажар ары карата жөнөдү (Жантөшев). Алым менен Сатар тамаша иретинде жылуу сөздөрүн Абазга карата айтып жатышты (Таштемиров).