Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талоончу, карактап кетүүчү, каракчылык кылуучу, Каракчылардын колунан эмне келет? (Сасыкбаев). Каракчылар кол салышып, жүгүбүздү талап алышты («Жомоктор»). 2. Эски кийимден, чүпүрөктөрдөн ж. б. жасалып, таранчыдан же башка нерседен эгинди, бакчаны ж. б. коруу максатында сайып коюлган сөлөкөт. Карга, кузгун келбеске, Эт менен тери бар жерге, Каракчы кылып салалы («Эл адабияты»). 3. Кебетеси жаман, булганч, жүдөө кишиге карата же бирөөнү кодулоо, кемсинтүү иретинде айтылат. Селпейген каракчы деп уруп-согуп, Ажаандар айбандарча алды кекти (Турусбеков). Кармалаба, селпейген каракчы (Жантөшев). Каракчыдай болуп кантип барат элем (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Киши сөлөкөтүнө окшотуп эски кийим-кечеден жасалып, короонун же огороддун четине орнотулган нерсе» маанисиндеги каракчы сөзү метатезаланып, кээде карачкы болуп да айтылат. Бул сөз карак+чы бөлүктөрүнөн куралган. Анын карак уңгусу – азыркы кароо деген кыймыл атоочтун байыркы кездеги формасын сактаган варианты. Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланган. Келип чыккан каракчы сөзү «кароочу» маанисин берген. Каракчы жаман-жуман нерселерден жасалып, коркунучтуу көрүнгөн. Ошондуктан анын алгачкы «кароочу» деген түз мааниси өзгөрүп, «кейпи суук нерсе» деген өтмө мааниси жаралган.