КАРАЖАТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү бир максат үчүн сарп кылынуучу, төлөнүүчү, жумшалуучу акча же мал-мүлк, байлык. Аны Асылкан эжем менен өзүң акылдаш, ал эми каражат болсо табылат (Жантөшев). Рудольфтун каражаты такыр түгөндү (Баялинов). Төлөйүн десем, ага жетерлик каражатым жок (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир ишти жүргүзүү, ишке ашыруу үчүн керек болгон ар кандай нерселердин жалпы жыйындысы, жалпы аталышы. Өндүрүш каражаттары. Транспорт каражаттары. Кошумча каражат. 3. Тилдин сөз байлыгы. Көркөм сөз каражаты.