КАРА КОЮН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Дүмпүлдөк, кыргыздын улуттук оюндарынын бир түрү (эки жаат болуп бөлүнүп, бир тараптын кароолчудан башкалары ортодо бир нерсе жамынып жатышат, экинчи тарап аларды эшилген жоолук менен уруп качат, кароолчу болгон киши аларды кууп кармайт, кармаган болсо, экинчи тараптагылар ортого келип жатып, биринчи тарап аларды жоолук менен чаап качат). Кыргыздын улуттук оюндарынын бири – кара коюн, аны биз бала кездерде ойночубуз (Сыдыкбеков).