Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз керт башы, жеке өзү. Сүйүнчүгө эрмегим, Кара башым ал деди («Эр Табылды»). Жан соогалап комуз чертип берип зорго кара башы кутулду (Бейшеналиев). В.: Коколой башы. Тазабек коколой башы жүргөн молдокенин сазайын окутуп коюсу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара жаны. Өздөрүнүн кара жанын ала качышты (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Киши экендигин (адамдык касиетин) өзгөчө белгилөөчү эпитет катарында колдонулат. Мал турмак, кара башыл кишибизден айрылып кала жаздабадыкпы? («Ала-Тоо»). Мен азыр кара башыл киши издеп чыктым (Сыдыкбеков). Кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал (Жантөшев). Кара башыл кишини, Байгеге саяр ою бар («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырсык, жамандык башкага эмес өзүңө тийсин, керт башыңа болсун деген мааниде колдонулат. Калп айтышса, алардын кара баштарына көрүнсүн («Ала-Тоо»). В.: Кара башыңа көрүнгүр! Андай кара башыңа көрүнгүр, төрөлөр күнү асман жарылып кетчүдөй күркүрөйт имиш (Осмоналиев).