Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштин жөнүн, негизин терең билген, каныккан, тажрыйбалуу, такшалган. Он төрт жашка келгенде, Канык мерген болду – деп («Эл адабияты»). Ишке канык илимпоздор турганда, Эч бир калбайт биздин ыркка көнбөгөн (Осмонкул). Өз кесибибиздин эрежесине канык болушубуз керек (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Керекке, максатка жараша катуу, кургак нерсеге суюктукту, суюк, суулуу (нымдуу) нерселерге кургак нерсени талап кылынган өлчөмдө кошуу. Кантка каныктырылган суу. Сууга каныккан эгин желге ыргалат.