Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тили оозуна батпай абдан суусоо, чаңкоо. - Ичип жибер, балам, - деди Тазабек, - каның катып тургандыр! (Сыдыгалиев). Мен абдан жакшымын, бирок каным катып, суусап жатам (Саатов). Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов). Ошол калың топтун ичинде туруп, кайдагы суу. Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тили оозуна батпай абдан суусоо, чаңкоо. Бир көнөчөк аш айран жеткизип бербесең, каным катып кетет го, кемпир жан (Сыдыкбеков). Токтогул чөйчөктү көрө коюп сүйүнүп кетти, анын тили кургап, каны каткан (Токомбаев). – Ичип жибер, балам, – деди Тазабек, – каның катып тургандыр! (Сыдыгалиев). Мен абдан жакшымын, бирок каным катып, суусап жатам (Саатов). Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов).