Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай ачуулануу, чыдамы кетип, кыжыры кайноо. Өткөн-кеткенди эсине түшүрүп, каны бузулуп кетти окшойт, бир аз желпилдеп барып токтоду («Ала-Тоо»). Уурту дирт этип, таноосу кыпчылды, канынын бузулганын туйдурбаска аракеттенди (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жини келүү, ачуулануу, бир нерсеге чыдамы кетип кыжырлануу. Өткөн-кеткенди эсине түшүрүп каны бузулуп кетти окшойт, бир аз желпилдеп барып токтоду («Ала-Тоо»). Уурту дирт этип, таноосу кыпчылды, канынын бузулганын туйдурбаска аракеттенди (Осмоналиев).