Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсенин эсебин, санын суроо үчүн колдонулат. Канча бала? Канча киши? Канча сом? Ата, сен канча жашка келдиң эле? (Шамшиев). 2. Көп, бир нече, нечен ирет, далай жолу. Канча жыл жүрдү кайгырып, Бир балага зар болуп («Манас»). Күн бөксөрүп, ай өттү, Арадан канча маал өттү? («Эр Төштүк»). Какшып жаткан канча жыл, Чөл көгөрдү куруудан (Бөкөнбаев). Канча сурап жүрдүм, бир да жолу эсиңе албадың го, жигит! («Чалкан»).