Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите. Канталага талатып, Кашынгандар андан көп (Казыбек). Кантала, бүргө уктатпайт, Сүлүктөй сорду канымды (Бөкөнбаев).
Катуу нерсенин тийишинен, кан тамырлары жарылып, кандын жайылышынан улам дене кызарып көрүнүү. Аттын тиши тийген жерди чечип көрдү, канталай түшүптүр (Байтемиров). Кызарып бети канталап, Коңурбай турат анталап («Манас»). Көзүнүн агы кыпкызыл болуп канталап турганын байкады («Ала-Тоо»).