Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерин канатуу, кан чыгара коюп жиберүү, уруу. Кандап бетти тытпаңыз, Кара чачты жайбаңыз («Сейтек»). Булчуң эти буруюп, Кармаган жерин кандаса («Мендирман»). Рыскулбек датка балдары Кедейлерди келтектеп, Далайдын башын кандады (Токтогул). 2. Жоокерчиликтеги эски адат боюнча биринчи өлтүрүлгөн душмандын же атайылап союлган малдын канына жоо куралдарын же тууну малып, кан жугузуу, канга боёо. Шаркыраган канына Аккелте оозун малганы, Камдап алып мылтыкты, Кайра тартып калганы («Манас»). Жөрөлгө ушул болсун деп, Желектүү найза кандадык («Эр Табылды»).