КАНААТТАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ыраазы болуу, алымсынуу, каниет алуу. Ушул болгон оокатыбыз барында эч кимге жалдырай койбоспуз, ушуга канааттанып, тобо кылганыбыз эле жакшы эмеспи, байбиче! («Ала-Тоо»). – Кудайга шүкүр, эми өз үйүбүзгө да келип калдык, балдарым,– деди Алима канааттанган үн менен (Абдукаримов).