Чайкана, ишкана, мейманкана ж. б. сыяктуу бириккен сөздөрдүн курамдык бөлүгү.
1. Бир нерсенин турган ордун, жөнүн ж. б. суроо маанисинде колдонулат. Жер майышкан кол кана? Жети миң калмак эл кана? («Эр Табылды»). Ээ, түгөнгөн Жанаалы, Сенин убадаң кана жанагы? (Токтогул). Чиркин сулуу, кана сенин сүйгөнүң (Шимеев). 2. Бир нерсеге көңүл бурдуруу, көңүлүн топтоо же кандайдыр бир ишке буюруу, өтүнүч кылуу учурунда айтылат. – Кана, Чүкө, нанга, этке караңыз (Баялинов). Кана, сен эле кире койчу, кайра тез чыккын («Ала-Тоо»). Кана, балам, баштагын, Калыгым сени биерде, Кайрат берип маштадым (Токтогул). Кана, акетайым, туюндурчу (Сыдыкбеков).
Денеден кан чыгуу, кан агуу. Азыр дагы атам көзгө элестейт, Көзү шишип, жаагы айрылып канаган (Турусбеков). Коркунучтан чыдабай, Чалдын мурду канады. (Токомбаев).