КАМАНБЕК
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАМАНБЕК — эпизоддук кейипкер, калмак Жүзгөндүн уулу. Балбан күрөшкө түшөрүндө белин тебелетип жаткан Кошойду көрүп: «Чалын тебелеп өзүлөрү өлтүргөнү жатыр, биздин Жолой баатыр муну коймок беле» (Сагымбай Орозбаков, 3. 217),— деп мактаныч кылат.