Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келген жагына кайра жөнөп кетүү. Сапар шахтадан күндөгүдөн кеч кайтты (Сасыкбаев). Сейилдиктен кайткан кыз-келиндер жалгыз аяк жолдо, кызыл-тазыл болуп чубап келатышат (Сыдыкбеков). Бешим ылдый, күн бата Базардан кайтып калды эми («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Жумшалган, сарп кылынган нерсенин (эмгектин, мээнеттин ж. б.) үзүрү көрүнүп, ийгилиги болуу, пайда чыгуу. Эмгегиң кайтып, көңүлүң көтөрүлсө экен, балам («Ала-Тоо»). Мээнетибиз кайтты – үйлүү-жайлуу болдук, мал күттүк (Айтматов). Силердин да акыбетиңер кайтып, жакшы болгон тура («Ала-Тоо»). 3. Адепки абалынан төмөндөп кетүү, басаңдай түшүү, мурдагысындай болбоо. Күн уламдан-улам төмөндөп, илеби кайтып, Ала-Тоонун чокусуна жакындай берди (Баялинов). Мурдагыдай болбой, күүдөн-күчтөн кайтып калган кезимде мени курулай тамтаңдата бербегилечи («Ала-Тоо»). 4. Айткан, деген сөзүнөн, берген убадасынан жануу, баш тартуу, сөзүндө, убадасында турбоо, айтканын кайра алуу. Айтканынан кайтпаган – жигиттиктин белгиси (Каимов). Убадаңдан кайтарыңды билсем мен сенин эсебиңди мурда эле таап коймокмун, ага сен ишенип кой («Чалкан»).