Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капа болуу, кайгылануу, убайым тартуу. Өмүрүндө кайгырбаган капитандын өңү бузулуп, көзүнөн жаш кылгырды (Жантөшев). Жолойду таппай кайгырып, Айласы кетип Манастын, Алтайга тартып кайрылып («Манас»). Татыбек турмуштун али эч бир даамын тата электигин эстеп кайгырды (Байтемиров). Ботосу өлгөн ингендей, Боздоп нечен кайгырдым («Мендирман»).