Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эрдикти, баатырдыкты көрсөткөн, эр жүрөк, кайраттуу, баатыр. Ким каарман, ким коркок, Чуу чыкканда көрөбүз («Эр Табылды»). 2. Көркөм чыгарманын (романдын, пьесанын ж. б.) негизги кейипкери. Данияр – операдагы ири каармандардын бири («Ленинчил жаш»). Бүгүн дагы Айганыш бир китеп окуду. Китептин негизги каарманы – өспүрүм бала (Байтемиров).