Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШКЕ КАТЫШУУЧУ АДАМДАР – КР жарандык процесстик мыйзамдарындагы тараптар (доочу жана жоопкер), үчүнчү жактар, прокурор, башка адамдардын укугун коргоо үчүн сотко кайрылган, же ишке корутунду берүү максатында процесске катышкан адам, билдирүүчүлөр, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча кызыкдар адамдар.