Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. иште этишинин аркылуу мамилеси. Көзү жетип турган Бектур Айымжанга аны иштеткен эмес (Сыдыкбеков). 2. Дыйканчылык иштеринде жер айдоо, малалоо, үрөн себүү, жер семиртүү сыяктуу түшүмдү камсыз кылуу максатындагы жумуштарды жүргүзүү. Эгин талаасын иштетип бүттү. Жерин иштетип чыкты. 3. Сапатын, касиетин, составын жакшыртуу максатында андан аркы колдонууга, пайдаланууга даяр болгон түргө келтирүү. Терини иштетип койду. Кен иштетип, ылгап чыгуу иштери.