Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч эмгегин, акыл эмгегин жумшоо аркылуу кандайдыр бир жумушту, ишти аткаруу, бир нерсе жасоо аракетинде болуу. Жумушчулар цехтерде кызуу иштеп жатышат. (Бектенов). Ал үйгө берген тапшырманы иштеп отурган (Сыдыкбеков). Фатима эң эптүү, шамдагай иштеп жатат (Сасыкбаев). 2. Кызмат аткаруу. Акбар министерстводо да иштеп калган экен (Убукеев). 3. Кыймыл-аракетке келүү, кыймыл-аракетте болуу, жүрүп турган абалда болуу. Чынжыры шалдырттап, конвейер иштей баштады (Сасыкбаев). 4. Кызмат жүрүп жаткан, жумуш күнү улантылып аткан абалда болуу. Магазин дем алышсыз иштейт. Библиотека саат 10 дон баштап иштейт. Ашкана саат он экиге дейре иштечү. 5. Кандайдыр бир уюм, мекеме, кружок ж. б. өзүнө тиешелүү милдетин аткарган абалда болуу, иш жүргүзүп туруу. Мектепте өздүк көркөм чыгармачылык кружогу иштейт. Шахтада хор кружокторубуз иштейт. 6. Өз милдетин аткаруу. Жүрөгү жакшы иштейт. Аш казаны начар иштейт.