Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңолуу, жакшыра баштоо. Айылчы агасы аздыр-көптүр каада ырымы менен атасына жиберсе, иши оңуна айланары бышыкталды (Бейшеналиев). В.: Иши оңуна көчүү. Иши оңуна көчүп, Зулайка эртеси бешимде тилге келди (Бердикеев). Иши оңунан чыгуу. Ошентип, атасынын да, баласынын да иши оңунан чыкты («Ала-Тоо»). Иши оңунан чыкпасына, айыпка жыгыларына көзү жеткен соң, биринчи киши ордунан обдулду («Чалкан»).