ИЧИНЕ ИТ ӨЛҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөнүн ийгилигин көрө албай, астыртан, тымызын кастык кылуу, ал жөнүндө арам ойдо болуп жүрүү. Канчалык билдирбөөгө аракеттенбесин, өзүн түз кармабасын, ичинде ит өлүп жаткандыгы сезилип турду (Борбиев). Түрүнө караганда жолдо карата ачуусу тарамак түгүл ичине ит өлүп, кыжыры кайнап келе жатты (Жапаров).