ИЧИ ТАРТЫНУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөдөн кагуу жеп же бирөөгө жаман көрүнүп, бирөөнүн көзү тийип калбаса экен деген мааниде аны аёо, ага жамандыкты ыраа көрбөө иретинде колдонулат. Бала туруп чоң кишинин айтканын айтса, ичим тартынат («Ала-Тоо»). «Ушундай да моокум канбаган адам болобу?» - деп ойлоп бара жатты Төлөмүш аялынын суктануусуна ичи тартынып (Бердикеев). Чоюбек жетине да албай, ичи да тартына калдастады (Бейшеналиев). -Баланча акчабыз бар, - деп ал аялына айткандан ичи тартынат (Ашымбаев). Муну кез-кез кулагы чалган Кулкан кемпирдин ичи тартынчу (Өмүрбаев).