ИТ ТАЛАГАН ТҮЛКҮДӨЙ БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Туш тараптан катуу жеп, шылдын болуп, өтө ыңгайсыз жаман абалда калуу. Орду жок сөздү көп айтып, ит талаган түлкүдөй болду. 2. Самсаалап, салбырап эч нерсеси калбоо, жок болуу, тымтыракайы чыгуу, тамтыгы кетүү. Байкуштун үйүн ит талаган түлкүдөй кылып кеткен экен... муну өзү кийин билиптир («Кыргызстан маданияты»).