ИЛИМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Коомдун жана жаратылыштын өнүгүшүндөгү закон ченемдүүлүгүн жана айлана-чөйрөгө таасир кылуу жолдорун ачуучу билимдердин, маалыматтардын системасы. || Ушул билимдердин айрым тармагы. Филологиялык илим. Табият илими. 2. Билим, маалымат, окуу. Бегалиев балдарыбыз илимди негиздүү алышы үчүн көрүлө турган чараларды баяндады (Сыдыкбеков). Илим издеп кеткен элем алыска (Токомбаев).