Моюндан кар жиликтик жогорку башы орношкон жерге чейинки аралык, акыректин үстү. Куттуктайм! – деп Бекжан Карыпты эки ийинден алып силкилдетти (Абдукаримов). Боз шинелди үч бүктөп оң ийнине салып койгон (Сыдыкбеков).
(таанд. м. ийни) 1. Жапайы жаныбарлардын (суур, чычкан, түлкү ж. б.) жерди казып жасап алган баш калкалоочу жайы. Ийинден алыс узабай, Суурлар жүрөт чыңкылдап (Осмонкул). 2. өт. Эптеп жашап туруучу, корголоп бекинүүчү жай. Таба албайсың беш каман, Корголорго ийинди (Токтогул). Же кабар албай душмандан, Ийинге экөөң кирдиңби. («Эр Табылды»).