Белгиленген жолдон, багыттан чыкпоо, ошол багытты, жолду бекем кармоо, кыйшаюусуз алып баруу. Биздин жаштарыбыз зор кайрат жана туруктуулук менен изден тайбай иштей тургандыктарына ишендиришкен («Советтик Кыргызстан»).
Белгиленген жолдон, багыттан чыкпоо, ошол багытты, жолду бекем кармоо, кыйшаюусуз аракет кылуу. Өкмөт эл чарбасынын тармактарын кадрлар менен чыңдоого изден тайбастан көңүл буруп келе жатат.