Биротоло коркутуп көз каранды кылып алуу, кайратын качыруу, мизин майтаруу, дайыма коркуп, чочулап тургандай абалга келтирүү. Жүрөгүбүздүн сары суусун алып, коркутуп, мындан ары бизди биротоло баш көтөргүс кылайын десе керек (Баялинов). Бектен өзүнө каршы мансап талашкан бай-манаптардын да жүрөгүнүн сары суусун алат (Баялинов).
Биротоло коркутуп көз каранды кылып алуу, кайратын качыруу, мизин майтаруу, дайыма коркуп, чочулап тургандай абалга келтирүү. Жүрөгүбүздүн сары суусун алып, коркутуп, мындан ары бизди биротоло баш көтөргүс кылайын десе керек (Баялинов). Бектен өзүнө каршы мансап талашкан бай-манаптардын да жүрөгүнүн сары суусун алат (Баялинов). В.: Жүрөгүнүн үшүн алуу. Өздөрүнө табышмак болгон маанилүү нерселерди ушу комузчу жигиттин билиши булардын жүрөгүнүн үшүн алды (Каимов). Далай эне-атанын жүрөгүнүн үшүн алган бул кабар Нуракты да коопсунта жүргөн (Өмүрбаев). Жүрөгүнүн үшүн кетирүү. Көп өтпөй эле томсоруп, ээнсирей түшкөн төрт бөлмөлүү жай тигил экөөнүн жүрөгүнүн үшүн кетирди (Медетов). Жүрөгүн алуу. Жүрөгүн алып душмандын, Бир кызыкка батышсын (фольк.). Байлар кедейлерге ыза көрсөтүүнү, алардын жүрөгүн алууну максат кылып коюшкан (Элебаев). Жүрөгүнүн шүүсүн алуу. Үчөө кошундагылардын жүрөгүнүн шүүсүн алышты (Жоошбаев). Жүрөгүн үшүтүү. Каракчылар кербенчилердин жүрөгүн үшүтүп бүткөн экен (Абдукаимов). Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар бекемин (Айтматов). Арт жагынан анда-санда дүңгүрөп замбирек атылып, жүрөк үшүткөн сүр менен Кокон кошунунун сол канатын түрө чыкты (Касымбеков).