ЖҮРӨГҮ ЭЛЕП-ЖЕЛЕП БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Токтоно албай тынчы кетүү (көбүнчө кубанып толкундаган же кандайдыр бир коркунучту сезгендей кооптонгон учурларга карата). Энем экөөбүздүн жүрөгүбүз элеп-желеп болду («Кыргызстан маданияты»). Ашырбектин жүрөгү элеп-желеп, коммунистке алышабы же кийинкиге калтырышабы, – деп (Ашымбеков). В.: Жүрөгү алеп-желеп. Уулунун кебетесин көрүп, апасынын жүрөгү алеп-желеп (Сыдыгалиев). Жүрөгү уйгу-туйгу. Анын жүрөгү уйгу-туйгу (Борбиев).