Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мээримсиз, боору жок, кайрымы жок, таш боор. Эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз адам болсо, Данияр азыр минтип ырдай албайт эле (Айтматов). В.: Муз жүрөк. Согум союшчудай шымаланышкан төрт-беш жигитине буйрук берген тигил муз жүрөк Адыке (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү калуу, жаман көрүү, жек көрө баштоо, ичи жылыбоо. Жеңелери канча алаксытып, канча жооткотушса да, Батийнанын жүрөгү муздагандан муздады (Сыдыкбеков). В.: Жүрөгү муз болуу. Жанатан ажаандай жалаңдап качырган каракчылардан анча чочубаган Зууракан эми алсыз, аргасыз, каруусуз эзилип ыйлаган өз эринин тигил кебетесин көргөндө жүрөгү муз болду (Сыдыкбеков). Ичи муздоо. Энемдин ошол тамаша сөзү эсиме түшө калганда, көпкө чейин ичим муздай түшүп жүрдү (Убукеев).