ЖҮРӨГҮ КҮЙҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Катуу кайгыруу, капалануу, ичи уйгу-туйгу болуу. Айланчыктар кишим жок, Жүргөн балам сен кетип, Жүрөгүм күйүп болду чок («Олжобай менен Кишимжан»). Жүрөгү күйүп өрттөнүп, Жаны ачып, жаман болду дейт (Үсөнбаев).