Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир коркунучтуу же кайгылуу нерсени эстегеңдей, оюна түшүргөндөй өзүн начар сезип, тынчы кете түшүү, сары санаа болуу. Токой менен чоң суу коркунучтуу. «Жалгыз кантип өтөмүн?» – деген суроо көңүлүнө келе калганда жүрөгү зыр дей түштү (Каимов). В.: Жүрөгү зырп эте түшүү. Кемпирдин бир сөзүнөн улам эмнегедир Мыскалдын жүрөгү зырп эте түштү да, өңү өзгөрүп кетти (Элебаев). Жүрөгү зыр этүү. Булутту тиктеп телмирген Адылбектин жүрөгү зыр этип, ачышып калат далайга (Өмүрбаев). Жүрөгү зил болуу. Өзү мурунтан күдүк болгон абал туулуп, жумушчулардын каарданган толкуну күчөгөндө Бугимовдун жүрөгү зил болду (Сасыкбаев).