ЖҮРӨГҮ ЖАРЫЛА ЖАЗДОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өтө сүйүнүп же катуу коркуудан аябай толкундоо, абдан алдастоо, апкааруу абалына карата. Бек армиядан келгенде Жыпардын жүрөгү жарыла жаздаган (Каимов). Козучак-чайып ачкычынын жүрөгү жарыла жаздады (Жантөшев).