ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – 1) сатып алуучу уюмга алып келип берилүүчү чийки заттарды, даяр продукцияларды, жабдууларды ж. б. товарларды сатып алуунун баардык баскычтары; 2) экономикалык ишмердикти жүргүзүүчү жак тарабынан товарларды жүктөп берүү (сатуу, белек кылуу, ошондой эле субъекттин салык салынуучу товарларды өзүнүн жеке максаты үчүн сатып алуусу), жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүүсү (менчигинен ажыратпастан туруп мүлктөн пайда алууну, жерди жалдоого жана ижарага, ошондой эле кошумча ижарага берүүнү кошо алганда).
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БАЗИСИ (ШАРТЫ) (гр. basis – негиз) – товардын колдон-колго өтүшү боюнча
сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүн, тийешелүү
документтердин толтурулушу менен унаа чыгымдарынын төлөнүшүн, товарга карата
менчик укугунун сатуучудан сатып алуучуга өтүү учурунун белгиленишин, товарды
жоготуу же бүлдүрүү тобокелдигин жана ташып-жеткирүү мөөнөтүн алдынала аныктаган
тышкы соода бүтүмдөрүнүн шарты.
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ КЕЛИШИМИ – жеке ишкердикте колдонулуучу соода-сатык келишимдеринин өзгөчө түрү. Ж. б. к. боюнча ишкердик кылган сатуучу-товар берүүчү ишкерликке пайдалануу үчүн же жеке, үйбүлөлүк, үйдө жана башкача ушундай пайдалануу менен байланышпаган башка максат үчүн товарды шартташкан мөөнөттө же өзү чыгарган же сатып алган мөөнөттө сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮНҮН БАЗИСТИК ШАРТТАРЫ – товарды жеткирип берүү боюнча сатуучу менен сатып алуучунун өзара милдеттерин аныктоочу атайын шарттар. Ал товардын кокусунан жараксыз болуучу же зыянга учуроочу тобокел чегин дагы белгилейт (кара:Инкотермс).
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮЧҮ – сөз маанисине жараша сатып алуучу уюм менен түзүлгөн сатып алуу жөнүндөгү келишимдин мүмкүн болуучу (товар өндүрүүчү, экспорттоочу же импорттоочу) же дайындуу тарабы.