Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ УКУК – адамга туулгандан тартып эле таандык болгон жана анын кандайдыр бир мамлекет менен байланышына көзкаранды болбогон табигый жана ажыратылгыс негизги укук менен эркиндиктеринин жыйындысы. Ж. у. менен эркиндик адамдын укуктук статусунун негизин түзөт. Ага адамдын жашоо, эркиндик, денебой жактан бүтүндүүлүк жана жекече колтийбестик укуктары; кыйноого алынбоо же адамдык беделине катуу доо келтире турган жазалоолорго алынбоо укуктары; ар-намысын жана өз атын таза сактоо, эркин жүрүү жана жашоочу жерин эркин тандап алуу укуктары; өз өлкөсүнөн кетүү жана каалаган учурунда кайрылып келүү укуктары; соттук коргоого жана сот акыйкатына, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө укук объектиси катары таанылууга укуктары; өз оюн ачык билдирүү, адептик жана ишеним эркиндиги; сөз эркиндиги жана аны билдирүү укуктары; өз улутун эркин аныктоо жана эне тилин пайдалануу ж. б. укуктар кирет. КРде Ж. у. мыйзам тарабынан кепилдикке алынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕЧЕ УКУК – жекече кызыкчылыгын канагаттандырууга байланыштуу максаттарга жетүүгө багытталган жарандардын же уюмдардын мүмкүн болгон жүрүм-туруму мыйзам тарабынан камсыз кылынган чаралар. Укук жөндөмдүүлүгү, т. а. укукка ээ болууну жалпы (шарттуу) жөндөмдүүлүгү Ж. у-тун белгиси болуп саналат. Ж. у. – айкын укук мамилелеринин зарыл катышы, демек, юридикалык фактынын негизинде келип чыгат. Ж. у. өзалдынча белгилүү бир аракеттерди (жүрүм-турумду) жасоо мүмкүнчүлүгүн да, ошондой эле башка жактардан белгилүү бир жүрүм-турумду (аракет кылуу же андан кармануу) талап кылуу мүмкүнчүлүгүн да өзүнө камтып турат, анткени, мындай жүрүм-турум Ж. у-ту жүзөгө ашырууну шарттап турат. Ж. у-ту бузуучуларга карата сотто же ыйгарым укуктуу органдарда кине коюу жолу менен, Ж. у. мыйзам тарабынан корголот.