Жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН ПАЙДАЛАНУУ – жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине ээ болуу, же башка жолдор менен, адамдын материалдык жана руханий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жаныбарларды жашаган чөйрөсүнөн ажыратуу менен же ажыратпастан эле ошол объекттерден пайда көрүү.