Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЗАНЫ ЖЕҢИЛДЕТҮҮ – мыйзамда ошол кылмыш үчүн каралган эң төмөнкү чектен да төмөндөтүлгөн жеңил жаза. Жосунду жазалоону алып салган же Ж. ж-чү мыйзам кайтарылма күчкө ээ, б. а. ушул мыйзам чыгарганга чейин тийиштүү жосунду жасаган адамдарга да таркалат, аларга жазасын өтөп жаткандар, же болбосо жазасын өтөгөн, бирок соттуулугу бар адамдар да кирет.