Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Май, суу ж. б. болгондуктан колго кармалбай сыйгалануу, колго токтобоо, жылбышуу. Бычактын сабы майлуу экен, колго токтобой жылмышат («Ала-Тоо»). Тайгаланып чокойдун таманы жылмышып кетти (Токомбаев). 2. Тайгалануу, сыйгаланып түшүү, сыйгалактап ордунан жылып кетүү. Дагы бир жылмышса сайга кулап кете турган («Ала-Тоо»). Жылдызкан акырын жылмышып түштү (Байтемиров). 3. өт. Ордунан, кызматынан түшүү, кулоо. Жумакадыров башкы бухгалтерликтен жылмышып, камакка алынды. («Чалкан»).