ЖЫЛАҢАЧТА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кийимин чечип, жамынган жамынчысын ж. б. алып таштап, жылаңач калтыруу. Кийимин дырдай чечтирип, Жылаңачтап салышты (Тоголок Молдо). 2. Боз үйдүн жабууларын, үйдүн керегесиндеги жасалгаларын ж. б. сыйрып алуу, керегеси көрүнүп калуу. Үйүн жылаңачтап жайлоого көчкөн жатышат (Жантөшев). || Кабынан, кынынан чыгарып жалаң өзүн калтыруу (мисалы, кылычты), бетиндеги, боорундагы өсүмдүктөрүнөн ажыратуу (мисалы, тоону) жалбырактарын жок кылуу (мисалы, бак-даракты). Нече ирет коркпой жоого каршы чапты, Кылычын жылаңачтап ири алдында (Үмөталиев).