ЖЫЛАН СЫЙПАГАНДАЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Такыр эчтемеси калбай, тып-тыйпыл, жып-жылма болгондой. Үй күтпөдүм же атакелетип бала өппөдүм! Өрт өчкөндөй, жылан сыйпагандай болуп гана кеттим ээ! (Сыдыкбеков). Айыл үстүндөгү бодо мал жылан сыйпагандай сүрүлдү (Осмоналиев). Эки күндөн кийин эле жылан сыйпагандай болуп калат (Бердикеев).