Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдир бирөөнүн көрсөткөн жардамына, жакшылыгына карата сый көрсөтүү. Эми, эмне болсо ото болсун, ушул туягын бир балээ кылып бер, жолуңду кылайын (Ш. Үмөталиев). Колдон келсе, жолуңузду кылсак болот эле, эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн көрсөткөн жакшылыгына кандайдыр ишке жарап бергенине ж. б. карата сый катарында бир нерсе берүү, тартуулоо. Колдон келсе жолуңузду кылсак болот эле, бирок эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз (Жантөшев). Эми, эмне болсо ошо болсун, ушул туягын бир балээ кылып бер, жолуңду кылайын (Үмөталиев).