Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катташуу, аркы-терки жүрүү үчүн пайдаланылуучу тилке жер, ар кандай транспорттун өтүп турган белгилүү бир багыты, жери. Кара жол. Жалгыз аяк жол. Даңгыр жол. Кыя жол. Чыйыр жол. Төтө жол. Аба жолу. Суу жолу 2. Сапар, саякат, жолоочулук. Биз жол тартууга даярдандык (Абдукаримов). Жол келип чарчагандыктанбы, төшөккө башы тиери менен уктады (Жантөшев). 3. Келе жаткан багыты, бара жаткан алды жагы. – Кайда барасыз, баатыр? – деди Бермет абышкасынын жолун тороп (Сыдыкбеков). Чалды таанып жолун тосо чубашты (Токомбаев). 4. Бир нерсенин өнүгүшү, ийгиликке, жеңишке жетиши үчүн болгон идея, багыт, аракеттин багыты, жөнү. Мамлекеттер аралык, кызматташтыктын бир гана жолу болуу керек, ал – тынчтык жолу («Кыргыз туусу»). Элиң үчүн нечен азап тарткансың, Эркиндиктин жолун туура тапкансың (Осмонкул). Байыркы салтын ташташып, Маданий жолго киришти (Осмонкул). 5. Белгилүү бир максатка жетишүүнүн же кандайдыр бир иштин орундалышынын ыгы, амалы, методу. Алыстан келген жигиттер, Таанышуу жолун издеген (Шамшиев). Бирок кепти кантип келиштирип айтуунун жолун таба албады (Каимов). Таанып калсаң болбойбу, Акындык нуска жолумду (Токтогул). Деги кандай жол менен тизмени алабыз (Абдукаримов). 6. Китеп бетиндеги саптар, кагазга же башка нерселерге түшүрүлгөн жазуу саптары. Динар баракты ачып караса, биринчи барактын эң башкы жолуна Аскардын аты жазылган (Сыдыкбеков). Биздин ырдын Ар жолунда терең сыр (Токомбаев). || Тилке-тилке болуп түшүрүлгөн катар сап, тилке-тилке же сызыктуу из. Тилке-тилке жолу бар. 7. Мүмкүнчүлүк, укук. Сүйлөөгө жол берүү. Жалкоолукка жол бербөө. Закон колхозго салкын карагандарга жол бербейт (Каимов). 8. Үрп-адатка, салтка байланыштуу болгон шарт, ирет. Учаны алыңыз, жол сиздики! (Жантөшев). 9. Сый кылып берилген белек же салт катары бир нерсе берип сыйлагандык. Ата наркы менен кудаларга жол айтылган, Беш тыйын жол айткан жок. Аздыр көптүр жолуңарды кылам (Жантөшев).