Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жигит курагы, жигит мезгили. Чоңойдум. Жигиттикке күндөр жетти (Осмонов). 2. Жигит кезге, жигит курагына таандык, бозойлорго таандык. Жыргап жүргөм бир кезек, Жигиттик доор жашымда (Тоголок Молдо) || Азаматтык, эр жигитке таандык сапаттар. Жалындап жоого аттан деп сүрөп турат, Жигиттик, эрдик, кайрат, ата намыс (Маликов).