Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү же бир нерсени бир жакка жөнөтүү, бирөөнү бир жакка жумшоо. Жиберсем деп ойлосом, Бой тарткан менде бала жок («Мендирман»). Алдына киши жиберип, Айттырам кабар мен сага («Эр Табылды»). Кат жиберип, кайталап, Жообун алдым бир гана (Токомбаев). Абдылда Ыйлаакты башка жылгага жиберди (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир нерсе аркылуу же бир нерсенин жардамы менен коё берүү, жүргүзүү. Шамбет арыктарга суу жиберип коёт (Сыдыкбеков). || Жайылтуу, таратуу, берүү. Дүйнөгө нуруң жиберип, Ойготкон сенсиң, Октябрь (Бөкөнбаев). Көп жашасын бизге таалай жиберген Улуу киши, анын баатыр элдери (Токомбаев). 3. Кыймыл-аракеттин, кубулуштун болушуна же тез аякташына карата көмөкчү этиш катарында колдонулат. Фабрикага жеткенде жамгыр төгүп жиберди (Сасыкбаев). Чоң эне шуу үшкүрүп жиберди(Сыдыкбеков). Мени уят кылбай ырдап жиберчи (Сыдыкбеков).