ЖЕҢИШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Согушта, жоокерчиликте, салгылашууда ээ болгон ийгилик, жеңип алуу салтанаты, жеңип чыгуу натыйжасы. Элдин эңсеген тилеги орундалып, көптөн күткөн жеңиш күнү да келди («Кыргызстан аялдары»). Фашисттик Германия менен болгон согушта биздин элибиз улуу жеңишке ээ болду («Ала-Тоо»). 2. Спортто, жарышта, мелдеште ээ болгон, жетишилген ийгилик, жеңип алынган жакшы натыйжа. Спорттук жеңиш, Шахмат оюнунда ээ болгон жеңиш. 2. Кандайдыр бир иште, эмгекте, алдыга коюлган максатты ишке ашырууга ж. б. жетишилген ийгилик, жакшы натыйжа. Куттуктайм эмгек балбанын, Эмгекте жеңиш алганын (Сасыкбаев). Жашасын ленинизм – жеңиш жолу! (Токомбаев).