ЖЕҢИЛ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Салмагы аз, оор эмес. Быйыл торпоктор былтыркыдан арык, салмагы да алда канча жеңил болуп чыкканына биз аябай өкүнөбүз («Айыл чарба»). Жеңил эле экен, кыйыктанбай ала барчы («Чалкан»). || Калың эмес, жука (көбүнчө кийимге карата). Алар жеңил кийимчен (Каимов). Кырктай адам келди жеңил кийинип (Осмонкул). 2. Коркунучтуу эмес, коркунучу жок, анча катуу эмес (мис, оору). Атамдын оорусу жеңил эле өңдөнөт, көңүлү ачык («Ден соолук»). Чочуба, Касым баатыр, менин жарам жеңил (Токобаев). 3. Анчалык кыйын эмес, татаал эмес, оңой, колдон келе тургандай, кыйынчылыгы жок. Азыр шахтёр эмгеги үнөмдүү да, жеңил да болуп бара жатат (Сасыкбаев). Сенин ишиң жеңил, дурус (Шүкүрбеков). 4. Шамдагай, баскан-турганы, кыймылы элпек. Бектай ачык-айрым, чепилдеген жеңил бала (Бейшеналиев). Адамдан жеңил, эң эстүү, Сүйлөп турса бал кептүү («Эр Төштүк»). Мышык жеңил секирип, эки арткы аягы менен тура калды (Сыдыкбеков). || Акырын, бек эмес, катуу эмес, үстүртөн, жумшак. Таттуу кызынын маңдайынан жеңил өөп, күлүңдөп тиктеп турду (Байтемиров). 5. Токтоо эмес, мүнөзү шайкелең. Артык жеңил, дардаң күү Эң чандаак жан экен («Эр Төштүк»). Жеңил кыялдуу адамдарга сүйүүнүн не баркы бар (Жантөшев). 6. Күчү жок, жөнөкөй гана, күчтүү эмес, анча-мынча, аз эле. Уктар алдында жеңил тамактануу керек («Ден соолук»).